Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

13-14-август күндөрү Күзөт жана куралчан коштоо департаментинде кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Ага өлкөнүн күч түзүмдөрүнөн жалпы 12 команда катышты. Иш-чаранын ачылышына КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана коомдук ишмерлер катышышты. Мелдештин негизги максаты - өздүк курамды спорт менен машыгууга тартуу, дени сак жашоону пропагандалоо жана спорт түрлөрүн жайылтуу.

Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Айта кетсек, бул беттеш генерал-майор Анарбек Шамкеевдин жаркын элесине арналып, 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aravan
2015-08-17 11:35:02
жакшы экен дагы откоруло берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан