Бүгүн, 17-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын республикалык XIV съезди өтүп жатат. Ага республиканын бардык аймактарынан чакырылган 700 чакты делегат катышууда. Иш-чаранын башында партиянын тарыхын, ошондой эле акыркы 5 жыл аралыгында аткарган иштерин чагылдырган кыскача тасма көрсөтүлдү. Съезддин төрагасы болуп Чыныбай Турсунбеков шайланды. Андан кийин жумушчу президиум шайланды. Учурда Чыныбай Турсунбековдун партиянын аткарган жана алдыда аткара турган иштери тууралуу баяндамасы угулууда.