Электр энергиясынын баасын көтөрүү токтотулду

Кыргызстанда апрель айына пландалган электр энергиясынын баасын көтөрүү маселеси белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу 27-февралда Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди. Анын айтымында, мартта жаңы төлөм саясаты киргизилери талкууланып жаткан. “Бирок Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо турган Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кырдаалды өзгөрттү. Бул документте Кара-Кечеге ЖЭБ куруу боюнча да пландар бар. Ошондуктан булардын баары баа саясатына таасир тийгизет. Биз аны кайра карап чыгабыз. Андан соң талкууга коёбуз”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан