Бишкекте бөтөлкөлөшүн интимдик катнашка барбай койгону үчүн өлтүргөн жаран кармалды

Бишкекте бөтөлкөлөшүн интимдик катнашка барбай койгону үчүн өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-август күнү болгон. Анда 31 жаштагы С.Н. Фучик көчөсүнөн 46 жаштагы Ж.Ш. аттуу аял менен таанышып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң С.Н. бөтөлкөлөшү менен интимдик катнашка барууга аракет кылган. Бирок ал баш тарткандыктан, таш менен башка чаап, катуу сабап салган. Анын кесепетинен Ж.Ш. ошол жерде каза тапкан.

Учурда кылмышка шектүү тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunbeken
2015-08-17 13:29:02
Дагы эле ошо спирт ичимдиктеринин "пайдасы".
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан