Абдулатиф Жумабаев Ислам кызматташтык уюмуна кыргыз мамлекетинин атынан өкүл болуп катталат

Жидда шаарында 16-августта Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы элчиси Абдулатиф Жумабаев менен Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ияд Амин Маданинин жолугушуусу болду. ТИМдин билдиришинче, жолугушууда башкы катчыга кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин атынан аталган уюмга туруктуу өкүл катары мамлекетибиздин атынан элчи А.Жумабаевди каттоого тийиштүү кат тапшырылды. "Тараптар кыргыз өлкөсү менен Ислам кызматташтык уюмунун кызматташтыгы жана келечеги, ошондой эле эл аралык маанилүү маселелерди талкуулашты",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан