Бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматовдун иши боюнча шаардык соттун чечимине болгон даттанууну карайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына аталган соттон билдиришти.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталууда. Соттун чечимине макул болбогон жактоочулар Ош облустук сотуна кайрылышкан.