Кечээ, 16-августта 21:30дар чамасында Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына билдирген окурман:
"BMW үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жерде үч адамды сүзүп кетти. Окуя болгон жерден каза болгондор жубайлар экени айтылды. Ал эми жаракат алган бир адамды "Тез жардам" кызматы алып кетти. Бул көчөлөрдөгү кырсык биринчи жолу болгон жок. Буга чейин бир нече унаалар жөө адамдарды сүзүп кеткен. Бийлик өкүлдөрү ушул жерге жол чырак коюп беришсе, кырсыктардын саны азаймак",- деди.
Жол кырсыгы боюнча Бишкек шаарынын Жол-кайгуул кызматы: "BMW 530 унаасынын айдоочусу, 1988-жылы туулган Т.Ч. күн батыш тарапка бара жатып жөө адамдарды сүзүп кеткен. Натыйжада 1966-жылы туулган Т.Т. жана 1968-жылы туулган Т.А. алган жаракатынан окуя болгон жерден жан беришкен. Каза болгон эркек кишини (1968-жылы туулган Т.Т.) каршы тилкеде келе жаткан Гольф унаасынын айдоочусу дагы тебелеп өткөн. Факт боюнча чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү",- деп билдирди.
Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктарынын көп катталганы боюнча шаардык мэрияга кат жөнөтүлгөнүн кошумчалап: "Жол чырак коюу, жол эрежелери тууралуу белгилер, жарык орнотуу сыяктуу маселелерди чечип берүү сунушу менен мэрияга буга чейин да кат жазганбыз. Азыр жооп күтүп жатабыз",- деди мекеменин басма сөз катчысы.