Кара-Көлдө 20 килограмм баңгизаты менен Майлуу-Суу шаарынын тургуну кармалды

Кара-Көлдө 20 килограмм баңгизаты менен Майлуу-Суу шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу 17-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 14-августунда Кара-Көл ШИИБинин оперкызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Кара-Көл шаарына караштуу болгон Кетмен-Төбө жайлоосунда Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган жаран кармалган. Ал өзү чегүү үчүн талаадан болжол менен 20 килограмм кургатылбаган маңзатын (марихуана) терип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AiBoru
2015-08-17 18:45:00
Кызык, талаада ушундай ченемсиз марихуана осуп тура береби? Каалоочулар чеккиси келгендер келип терип кете беришеби. Же атайылап остургонбу, опер кызматкерлери план болот деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан