Бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматовдун иши боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына Ош облустук сотунан билдиришти.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталууда. Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар Ош облустук сотуна кайрылышкан. Бүгүн, 17-августта облустук сот шаардык соттун чечимине болгон даттанууну карап, өзгөрүүсүз калтырды.