Чүй облусунун Аламүдүн айылынын тургундарынын демилгеси менен 31-августта III Эл аралык палоо фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Фестивалдын жүрүшүндө кызыктуу оюндар, жарманке болсо, концерттик программада таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Катышуучулар үч килограммдан кем эмес күрүчтөн палоо жасап, калыстардын сынына коюшат. ГЭС-3 аймагында өтө турган иш-чара саат 15:00дө башталат. Ал эми кечки саат 19:00дө чыгармачыл топтордун концерти орун алат.