Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери "264 миң сомду өз эсебине өткөргөн" деп шектелишүүдө

Бакай-Ата райондук прокуратурасы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Натыйжада аталган айыл өкмөттө иштеген жооптуу кызматкерлер 2015-жылдын биринчи жарымында бухгалтердик документтерди жасалмалап, өз эсебине 264 657 сомду өткөрүп алышканы белгилүү болгон. Бул тууралуу 17-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Факт боюнча "ишеним көрсөтүлгөн мүлктү өз эсебине өткөрүү" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2015-08-18 02:06:40
анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан