Турсунбай Бакир уулу: "Сыналгыдан берилип жаткан эротикалык тасмаларга тыюу салуу керек"
Бүгүн, 28-февралда ЖКнын жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу жергиликтүү телеканалдардан берилип жаткан жүгүртмө саптарды көзөмөлгө алууну сунуштады. Депутат андай жарнамалык каражаттын сапатына нааразы. "Үйдө кенен отуруп сыналгы көрө албай калдык. Жүгүртмө саптарда "эркек менен эркек таанышат", "кыз-келин менен таанышам" деген сөздөр жазылып чыгат. Бул коомдун аң-сезимине терс таасирин тийгизип, ыймансыздыкка түртүүдө. Эротикалык тасмаларга го тыюу сала албайт экенбиз, бирок жүгүртмө саптын сапатын караш керек. Сыналгыдан эротикалык фильмдерди берүүнү да токтотуу керек, негизи",- деди эл өкүлү.