
* Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, мындан 788 жыл мурун, 1227-жылы дүйнөгө таанылган айтылуу өкүмдар
Чыңгыз хан дүйнөдөн кайткан. Жазма булак маалыматтары өкүмдардын өлүмү туурасында ар түрдүү кабар беришет. Алардын кээ бири Чыңгыз хан аттан жыгылып өлдү дешсе, айрымдары анын эски жарасы ачылып, кан токтобой жан берди деп жазышат.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Индонезиянын Сулавеси аралында күчү 6,3 баллга жеткен зилзала болгон. 4 адам каза таап, бир нече киши жаракат алган.
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы Альпы тоосунда 4 айлык мышык альпинисттердин артынан ээрчип, Маттерхорн чокусун багынткан.
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы СССРдин атомдук муз жаргыч “Арктика” кемеси тарыхта биринчи жолу Түндүк уюлга кирип барган.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы төкмө акын, обончу Майра Керим кызы каза болгон. Ал 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. 2009-жылы рак оорусуна чалдыккан. Майра Керим кызы катуу оорудан улам 18-августта каза болуп, Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. Эл аралык көптөгөн сыйлыктардын жеңүүчүсү Майра Керим кызынын 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун тапкан.