Бишкекте "34 жаштагы жаранды өлтүрүп, жиликтенген дене мүчөлөрүн таштандыга ыргытышкан" деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта күч органдарындагы өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришти.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми 15-август күнү адамдын башы Фучик көчөсүнөн табылды. Ошондой эле жиликтенген адамдын денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган.
Киши колдуу болуп каза тапкан жаран 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов экени аныкталган.