Мектептер үчүн китеп басып чыгаруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине парламенттик сурамжылоо жүргүзүү керек. Мындай пикирди бүгүн, 28-февралда ЖКнын жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, аталган министрликте атайын топ сүйлөшүп алып, айрым авторлордун гана китептерин көп нускада чыгарып жатат. “Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча Билим берүү министрлигинде мафиялык топ пайда болду. Кызыл-Кыя шаарына иш сапар менен барып, бир орус мектептин китепканасына кирсем, китептер толтура турат. "Эмнеге окуучуларга таратып бербейсиңер?" десем, "биздин программага туура келбейт" дешти. Ушундай эле көрүнүш Бишкектин да мектептеринде кездешет. Эң негизгиси, ал китептердин баары бюджеттен бөлүнгөн акчага басылып чыгарылган”,- деди депутат.