Таиландда жардыруудан улам 18 адам каза таап, 117 адам жаракат алды

17-августта Таиланддын борбору Бангкок шаарында ири жардыруу орун алды. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМине таянып чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, жардыруудан улам 18 адам каза таап, 117 адам жаракат алды. Алардын көбү чет өлкөлүк туристтер экени белгилүү болду. Жергиликтүү полиция бул окуяны теракт деп саноодо. Таиланддын Коргоо министрлиги "аталган теракт - өлкөнүн улуттук туристтик бизнесин жана экономикасын алсыздандыруу аракети" деп билдирди.
Радио аркылуу башкарылуучу жасалма бомба индуисттердин Эраван сыйынуучу жайынын жанында жашырылган экен. Бул жайга Кытай, Сингапур жана Тайван туристтери көп келишет. Жардыруу жергиликтүү саат боюнча 18:56да орун алды (Бишкек сааты боюнча 19:56да).
Таиланддагы теракт (17-август 2015)
Таиланддагы теракт (17.08.15)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynystan
2015-08-18 10:18:36
Бунун баарын АКШ кылып жатат.кытайды да ушулар кылды себеби сшага каршы чыгып жатышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан