Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 18-август күнү саат 9:30 чамасында Бишкектин Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуянын күбөлөрү Исанов көчөсү менен түштүк тарапка катуу ылдамдыкта бараткан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай өткөнүн айтышууда. Анын жыйынтыгында Фрунзе көчөсүндө келаткан Мерседес үлгүсүндөгү унааны, андан соң жол боюнда токтоп турган Опель Астра үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жаракат алган жок. Жабырлануучулардын экөө тең таксисттер. 

Атын атагысы келбеген Мерседес унаасынын айдоочусу окуя тууралуу: "Жол чырактын жашыл жарыгы күйгөнүнөн жаңы эле ордумдан жылып бараткам. Аңгыча капталымдан Фольксваген Венто унааасы зуулдап келип сүздү да, андан кийин жол жээгинде турган башка унааны сүздү. Фольксвагендин айдоочусу жаш жигит экен, унааларды калыбына келтирип берем деп жатат. Дагы жакшы, жолдун боюнда жөө адамдар жок болчу. Бирөө-жарым болсо эмне болмок эле?"- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
SHAHDAR
2015-08-18 11:06:53
Ой ушу арыы жакта турган оң рульдуу машина куноолу болуш керек.
Азыр моода болуп кетти го сразу оң рульдуу машиналарды куноолоп.
0
SHAHDAR
2015-08-18 11:08:37
Бул жанылык кантип эле чагылгандай бат келди деп абдааан ойлонуп жатам. ))))))))))))))))
0
ayjamal83
2015-08-18 11:26:55
SHAHDAR, sebebi, super infonun kensesi frunze isanova kesilishinde jaygashkan.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан