Бишкекте "34 жаштагы жаранды өлтүрүп, жиликтенген дене мүчөлөрүн таштанды челекке ыргыткан" деп маркумдун аялы шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта күч органдарындагы өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришти.
Эскерте кетсек, 14-августта эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары, ал эми 15-августта адамдын башы Фучик көчөсүнөн табылган. Ошондой эле жиликтенген адамдын денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган.
Киши колдуу болуп каза тапкан жаран 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов экени аныкталган.