Индонезиядагы авиакырсыктан каза тапкан 38 адамдын сөөгү табылып, калганы дайынсыз болууда

Индонезиянын чыгышында кырсыкка учураган учактан каза тапкан 38 адамдын сөөгү табылды, алардын бири жаш бала. Бул тууралуу өлкөнүн Издөө жана куткаруу боюнча улуттук агенттигинин башчысы Бамбанг Соэлисти 18-августта чет өлкөлүк маалымат каражаттарына кабарлады. Анын айтымында, дагы 16 адамдын сөөгү изделип жатат. "Кырсык катталган жай тоолуу болгондуктан, калган адамдарды издөөгө кыйынчылык жаратууда. Бирок куткаруучулар дагы 16 адамдын сөөгүн издөөнү улантып жатышат",- деди ал. 
Айта кетсек, 16-август күнү өлкөнүн Папуа провинциясында "Trigana Air Service" авиакомпаниясына таандык учак тоо кыркасына урунган. Учакта 5 экипаж мүчөсү жана 49 жүргүнчү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zubi91
2015-08-18 11:13:57
кудай сактай кор
+1
Krasnoyrsk124
2015-08-18 11:49:17
Калганын уже карышкырлар жеп кеттида !!!
0
beka1207
2015-08-18 12:02:17
Индонезиянын аба жолдоруна каргыш тийгенби эмне балее...
Жаман болуптур..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан