“3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров шыбырашып жаткан. Садыр Жапаровдун “бийликти басып алабыз” деген сөзүн уктум”. Бул сөздү бүгүн, 28-февралда айыпталып жаткан "ата журтчу" депутаттардын сот ишинде күбө катары суралып жаткан “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү Нуржамал Осмонкулова айтты. Бирок муну Садыр Жапаров четке кагып, күбөнүн көрсөтмөлөрү эки башка болуп чыккандыгын билдирди. “Күбө бирде "Садыр Жапаров башында КамАЗдын үстүндө туруп “бийликти басып алабыз” деди, ал эми мамлекеттик айыптоочулар берген суроого "Садыр Жапаров бийликти басып ала тургандыгы тууралуу жерде турганда айткан" деп билдирди. Бул эки башкача көрсөтмө болуп жатат”,- деди Жапаров.