Күйүүчү май жүктөлгөн вагондордун баары Казакстандан кыргыз жерине жеткирилди

2014-жылдын апрелинен тарта Казакстандын аймагында кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн вагондор кыргыз жерине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз темир жолдору станциясына 400дөн ашуун вагон алынып келди. Учурда нефтетрейдердик ишканалар жүктүн салмагын жана сапатын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 2014-жылдын 14-апрелинде Орусиядан Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн күйүүчү май жүктөлгөн 470 вагон "Луговая" станциясында кармалган. Казак тарап мындай кадамга баруусун “күйүүчү майга керектүү документтер толук эмес” деп түшүндүрмө берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mars55
2015-08-18 14:18:45
эми арзандайбы ошондо
+1
tilek-x
2015-08-18 21:04:40
Арзандаткыла Эми бензинди улуу урматтуулар!
+3
suhrab.kg
2015-08-18 22:46:25
Арзандабай кайра кымбат болтатко
+1
diiazbek
2015-08-19 08:59:08
болду еми арзандасын
0
Chimgen
2015-08-19 10:42:23
Кыргызстанда калтырсаго жакшы.) Кайра баштайткенда еми тажикистанга сатышты, аран ондогон жолду бузуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан