Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү тургун Крайслер 300 С үлгүсүндөгү унааны өзгөртүп, үлпөт тойлорго ылайыкташкан Крайслер-карета үлгүсүндөгү унааны жасады. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Ал эми темир уста Абдывахап Исманов унааны жасап чыгууга 4 ай убакыт кеткенин айтып, мындан ары Хаммер-чарпая жасоону ойлоп жатканын кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.