Нарындагы токойдон Кочкор райондук аскердик комиссариаттын башчысынын орун басарынын өлүгү табылды

Нарын облусунда Кочкор районунун аскердик комиссариатынын башчысынын орун басарынын өлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлүк 14-августта токойдо токтоп турган унаанын ичинен табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аскер кызматкери өзүн өзү атып салган. Анын жанында курал болгон. Учурда тиешелүү мекемелер тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Айта кетсек, аталган комиссариаттын башчысынын орун басары 33 жашта болгон. Анын артында жубайы жана 3 баласы калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Decmond
2015-08-18 16:38:45
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
medina.
2015-08-18 16:40:46
Табышмак го?
0
sagyn91
2015-08-18 16:41:48
Кызык эмнеден улам бул кадамга барышы мумкун.
0
EdikoKG
2015-08-18 16:50:52
Жаш жигит экен эле. Аянычтуу иш болуптур. Жаны жаннатта болсун:(
0
salmanbet
2015-08-18 17:46:47
Аай байкушум Ат Башылык,жакшы адам эле,не шайтандады билбейм.
-1
Biinura
2015-08-18 19:36:14
А может помогли?
0
AiBoru
2015-08-18 21:29:12
Мумкун очу бар бироо атып олтуруп, качып кеткендир, маркумдун колуна тапанчаны карматып.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан