“Х-Фактор” долбоорунун катышуучусу Жунусали Сайдинов уюштуруучулардын айынан денесинен күйүк алганын айтты

Бүгүн, 18-август күнү SUPER.KG порталына Кыргызстандагы “Х-Фактор” долбоорунун катышуучусу Жунусали Сайдинов кайрылып, долбоордун уюштуруучуларына нааразы экенин билдирди.

Долбоор кыргыз жеринде биринчи жолу болуп жаткандыктан, кызыгуум артып, 1-туруна катышкам. Кийинки тур үстүбүздөгү жылдын 2-февралында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болду. Анда мен бир-эки трюк менен кошо бензин чачып өзүмдү өрттөгөм. Долбоордун уюштуруучусу Мирлан Муратов өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып коймок, бирок ал чакырбаптыр. Трюк учурунда өрттү өчүрө албай калып, түтүнгө ууланып, денем жана аталган театрдын полу күйгөн. Мындан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүндө 1 ай, үйдө 4 ай жаттым. Бул учурда долбоордун уюштуруучуларынын бири да келип сураган жок”,- дейт катышуучу.

Ошондой эле ал: “Мирлан Муратов “балдар аңдып жүрүшөт, окуя тууралуу эч кимге ооз ачпа” деп коркутуп, театрга келтирилген чыгым үчүн 85 миң сом сурады. Бирок менде андай суммада акча жок болгондуктан, берүүдөн баш тарттым. Мунун себебинен кийинки турга өткөрбөй койду. Негизи, бардык нерсеге уюштуруучулар жооп бериши керек эле. Мирландын суранычынан улам бул боюнча эч кимге айтпай келгем”,- деди.

Бул боюнча долбоордун уюштуруучусу Мирлан Муратовго кайрылганыбызда, Жунусали Сайдиновдун айыптоолору негизсиз экенин айтты.

Жунусали Сайдинов репетицияларга бир да жолу келген эмес. Ал мага “колумду эле күйгүзөм” деп айткан. Бирок сахнада денесинин баарына бензин чачып өрттөп жиберди. Ошол учурда эки өрт өчүрүүчү болгон. Алар болбогондо сахна толук күйүп кетмек. Жунусали мырзадан 85 миң сом сураган эмесмин. Далили болсо көрсөтсүн. Ал эми анын кийинки турга өтүшүн мен чечпейм. Калыстар тобу деген бар. Алар өткөрбөгөн адамды мен кантип өткөрөм? Катышуучу менен уюштуруучунун ортосунда келишим болот, анда “баарына өзүм жооп берем” деген пункту бар”,- деди Мирлан Муратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
ACAH_AKA
2015-08-18 22:55:13
Чала болуптур
+1
aiturgasha
2015-08-18 23:11:17
общий орттонуп куйуп кетсен не болотле? озуноле чоооон зыян болотле. а эгер театрды общий орттоп жиберсен , эки колунду мурдуна тыгып отурмаксын чыгымын толой албай. уюштурган адам дагы, катышкан адам дагы кудайдан коркуп чындыкты суйлогуло!
+2
aitenir
2015-08-18 23:11:20
Атын чыкпаса озунду оттого
+2
anjela500
2015-08-18 23:24:04
Ач о тур бирок тынч отур
+1
ulan_rysbaev
2015-08-18 23:39:27
Эмне эле озунорду озунор ортогонго кызыгып калдынар? Башка бирнерсе кылса болбойбу? Бул жакта канчалаган адам "Оо КУДАЙ ошол ортко тушуудон сактай кор" деп тилеп жатса. Кызык эле озу...
+1
Mercedes202
2015-08-19 00:35:17
Ой трюк кылганды билбесен уйдо эле жатчы мендей болуп!
+2
XAH.
2015-08-19 07:43:27
Бул жанагы тилинен шиш бычакты сайып өртөгөн кишиби?
+1
manas93kg
2015-08-19 08:54:08
Тузук нерсе ачкансып кордум ХХХ!??!
-1
admin_superstan
2015-08-19 10:19:41
manas93kg, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
0
Guli.K.E.
2015-08-19 09:19:53
Эээ тообоооо.... мен ошондо барган элем , жакшы эле корстоуп жаткан башында анан залдагылар кичине колдоп-коштоп койду эле бензиндин баарын устуно тогуп, оозуна да куйган , ааал анан орт чыкканды коро бергиле...дагы жакшы эки бала жан талашып очуруп калышты...ошондо качып чыкканым до сих пор эсимден кетпейт...эмне анча герой болду билбейм бул байке, озу биринчиден сак болуш керек эле тем более бут нерсе синтетика и + баннерлер болчу...дагы жакшы кудай сактады...
+3
kubat_1973
2015-08-19 13:28:01
Трюкту так коопсуз аткара албагандан кийин айланганы барамбы ал жакка озун озу орттоп алып кайра догун артканы эмнеси.Озун кылган иш оз башына муш. Озгого догун арткыча олбой калганына шугур де акеси.Экинчи от менен ойногус болосун акылын болсо
0
Bermet88
2015-08-19 18:01:01
М.Муратов чындыкты жашырып ЭТРдан 5000000 элди алдап койду.Куйбой качып кетти. Аны эл уккан жана коргон жалган айтканын. Ошондо залга 1000 киши коруучу болуп келишкен. Ошолор да бир от очуруучу машинаны коргон эмес. Дагы деле алдап жатат. Пожарный келген деп.Х-фактор долбооруна эл нараазы. Буга чейин деле гезиттерге нараазычылыгын билдирген. Ураматту калайык журт ойгонгула!Элди алдап жашырган да болуп атпайбы бут чындыкты.
0
admin_superstan
2015-08-19 18:10:09
Bermet88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
0
sharolli
2015-08-19 18:32:11
Озуно ишенсен кылбайсынбы анан???
Дагы уялбай уюуштуруучуларды кунолойсунда!
0
Bermet88
2015-08-20 00:59:49
Уюштуручуну ага чейн деле катышучулар айптап келген суппер инфо гезитерине жазышып. Ошондо деле жыйырма билет саткызган емесмин деп актанган М.Мирлан.Катышучулардан сурагыла алар губо! Чындыкты айтат.Андан бологунон пара сураган катышучулар бар,алар катышалбай калган ошо себеп. Бекжан кабарчыга чалыптыр кайрылып ал да губо!С.Жны да куйгон жок,качкан деп елди алдаганына да ушул губо!С.Ж акча учун куйгон емес,ал намыс учун ал оор трюкту жасаган, алардын убадаларына ишенип.Ал озу учун емес.Х-фактор
0
Adi.Avazbekov
2015-08-20 02:09:55
Xaxa videosu bar beken ozun orttop salgan adamdyn?? Koruw kk eken. Ozun ozu orttop emi aryzdanganyn kara. Ex
0
Bermet88
2015-08-20 09:18:04
Ал куйюп калганы учун емес. Жогоруда айтылгандай Х-фактордун катышучуларын бизнеске айландырып,елд алдаганын чындыкты ел билсин деп кайрылып атат.Трюктарын да жакшысын жашырып,жаманын ашырып мантаждашып салган. Бирок тарткан ЕЛТРге одарып койду айыпты ошолор тарткан деп М.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан