Жылнаама, 19-август: Мындан 132 жыл мурун улуу мода ханышасы, франциялык кутюрье Габриель Коко Шанель туулган

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерде белгисиз бирөөлөр 5 кишини атып кетишкен. Тажикстандын Исфара шаарындагы Чорку аймагындагы талаа станынын кароолчусу Абдукаххор Халоков, анын аялы, 2 небереси жана бир тууганы атылган.
* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы АКШнын 42-президенти Билл Клинтон Арканзас штатында, Хоуп шаарында туулган. 1963-жылы Билл Клинтон жаштар делегациясы менен биргеликте Жон Кеннеди менен жолугуп кол алышкан соң жашоосун саясатка багыштоону чечкен. 
Мектепти бүтүргөндөн кийин Клинтон Жоржтаундагы университетте окуган, андан кийин Вашингтондо, Оксфорддо, Йел университетинде билим алган. 1973-жылы Клинтон окуусун бүтүрүп Арканзаска кайтып, университетте үч жыл сабак берген. 1976-жылы штаттын башкы прокурордук шайлоосунда жеңишке жеткен. 1978-жылы АКШ боюнча эң жаш губернатор болгон. 11 жыл бою губернатор болуп, штаттын кирешесин бир топ жогорулаткан. 1991-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. 1992-жылы шайлоодон жеңип, АКШнын тарыхында эң жаш президент болгон. 1996-жылы экинчи ирет президент болуп шайланган. Билл Клинтондун башкаруу маалында өлкөдө жумушсуздуктун саны азайып, инфляция төмөндөп, экономика өскөн. 2000-жылы президенттик мөөнөтү аяктап, 2001-жылы анын ордун кичүү Жорж Буш ээлеген. 
* Мындан 132 жыл мурун, 1883-жылы улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель Франциянын Сомур шаарында төрө­л­гөн. Ал жетимдер үйүндө тарбияланып, өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. 
1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Аялдар үчүн шым, пиджак, юбкалардын жаңы үлгүлөрүн, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгө­рүл­бөгөн, кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. Мода дүй­нөсүн жаңыртып, биринчи жолу санын көрсөтүп юбка кийген, чачын кыска кылып кырктырган, сумканы ийинге асынып баштаган. Франциядагы бардык аялдар анын кылганын кайталап турушчу. 30-жылдардын аягында Габриель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жаштагы Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтат. Коко Шанель жылына 160 миллион доллар киреше алып келген “Шанель үйүн” түзүп, 88 жашында Парижде көз жумат. 
* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы М.Горбачёвдун ден соолугу начарлап, өлкөдөгү бийлик Мамлекеттик комитетке өтө тургандыгы радиодон уктурулган.
19-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BakytAliev
2015-08-18 22:21:28
urmattuu jamaat ipotekaga ui aluu uchun kandai dokumentter kerek ekenin bilip berini3derchi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан