Чүй ОИИББи: "Кичинекей кыздардын көзүнчө мурунку аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда өз өмүрүнө кол салды"

Мурунку жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу 18-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 18-августка караган түнү Новониколаевка айылынын тургундары кайрылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын денеси табылгандыгын кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген тергөөчүлөр ашканада жаткан Кара-Кулжа районунда 1977-жылы туулган А.Айбарчындын бычакталган денесин көрүшкөн. Соттук-медициналык эксперттер маркумдун көкүрөк, колтук тарабына жана колдоруна 8 жолу бычак сайылганын аныкташкан. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө А.Айбарчын аталган айылда эки айдан бери батирде 11 жана 8 жаштагы кыздары менен жашап келгени белгилүү болгон. Мындан сырткары каргашалуу окуя болгон түнү маркумдун үйүнө анын мурунку жарандык никедеги күйөөсү (үч жылдай бирге жашап, бир нече ай мурун ажырашкан) келип, экөө уруша кетишкен. Натыйжада мурунку күйөөсү кыздардын көзүнчө аялды бычактап салганы аныкталган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кара-Кулжа районунда 1966-жылы туулган Ж.Акимжанды кармоо аракеттери жүргүзүлгөн. Бүгүн Кара-Балта шаарынын четиндеги талаада колго түшүрүлгөн Ж.Акимжан кармоо учурунда өз өмүрүнө кол салган. Шектүүнү дарыгерлер текшерип, жарааты коркунучсуз экени маалымдалды. Шектүү тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
karona
2015-08-18 20:56:32
Тообо кылдым, кыздарынын козунчо кантип колу барды экен, байкуш кыздардын абалы кандай болду экен? Зоокурду да озуно окшотуп бычак менен сайгылап кордош керек олтурбостон.
+4
kadamjai90
2015-08-18 21:28:42
Эшектин этин жеп баары эшек болуп кеткен окшойт кутуруп. Тооба
+5
Talgat87
2015-08-18 21:47:51
Чуйдо жин Сатана ойгонгон окшойт.Сайышып эле калышты го.Эшектин этинин таасириби же..
-3
Elusha88
2015-08-18 21:51:47
Байкуш кыздарга психологдордун колдоосу керек.Анпесе кыйын болотго аларга.Жакшы жанылык укпай эле калдык акыркы кундору.
+2
Kg.princ
2015-08-18 21:55:50
Elusha88, Туура айтасын.
0
Boldukan86
2015-08-18 22:46:03
жаманды коруп озунду тарбияла дейбеле. жакшы болгонго аракет кылалы. кудайдан коркоолу бул дуйно туболук эмес экенин унутпайлы.
0
Akmosha
2015-08-18 23:13:12
Эмне болуп баратабыз"Адамзат?".Адам эмес эле мыкаачы болдук го.
0
MIRAN
2015-08-18 23:18:27
Адамды тоок сойгондой жиликтеп,каалагандай эле олтуруп жатышат.Эмне деген заман болуп жатат.Кундо кирип окуйм сонку кабарды,созсуз адам олтургон жиликтеп таштандыдан табылды.Барып барып конумуш адат болуп а олуптурбу деп калбасак болду.
+2
nelya88
2015-08-18 23:29:11
Кыздарынын тагдыры эмне болот эми?..Ансыз деле ата мээримин корбой чоноюп келе жатышса,эми минтип кайдагы бир акылы жок мыкаачынын айынан энесинен айрылып отурушат,чиркин.
0
Oceana
2015-08-19 00:39:02
Тооба! Озун сактай кор.
0
nari94germanya
2015-08-19 00:54:33
Aibanattardy jyrtkych jan dep bilip kelebiz, birok chyndap kelgende adamzattan otkon jyrtkych aiban jok.kechele aialy kyioosyn oltyryptyr dep atatlek, bygyn bolso kyioosy aialyn.adamzatka allahym yiman ele bersin.
0
manas93kg
2015-08-19 08:43:00
Озу кыпынчалык олко болсок ошондода сайышып ынтымаксыз болсок биз не деген калкбыз эшектин этин жеп!!!!???
0
manas93kg
2015-08-19 08:47:09
Кайсыл коом бузулса ошол жерде адамдар олуп,зынаачылар кобойот деген кыяматтын белгиси Тообо кылдым.
0
Ayida
2015-08-19 10:38:21
Manas,туура айтасын.Кыяматтын майда белгилери болуп жатат,аябай корком.Алла сактасын!Бул жерде кеп эшектин этинде эмес,кеп ыймандын жоктугунда.Ар бир уйдо намаз окулуп,куран окулуп турса,дин менен жашаса,андай уйго шайтан кире албайт,жаман нерселер болбойт.Намаз окуган адамда,жаман ишке барбайт,сабырдуу болот.
0
admin_superstan
2015-08-19 10:52:59
nelya88, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө жол жок! Эскертүү!
0
Akkaynt
2015-08-19 11:38:21
Эмне деген заман болуп жатат баары эле бычактаган адам олтуруш оной эле болуп калдыго кыргыздарга ээй адамдар шайтанга азгырылбагылачы кыздары эмне болот байкуштарга кыйын эле болду да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан