Анда Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору, полковник Нуржан Осмоналиев, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Азамат Мамбетов жана Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов өрттү өчүрүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат беришти.
ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин башчысы, полковник Нуржан Осмоналиев жергиликтүү калк өрт өчүрүү иштерине тиешелүү деңгээлде мобилизацияланбай жаткандыгын, бул багытта райондук мамлекеттик администрация ишти жандандыруусу зарыл экенин билдирсе, КР ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Азамат Мамбетов өрттү кол менен гана өчүрүүгө туура келип, ага эч кандай техника пайдалануу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал эми Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов абал оорлоп баратканын, өрт башка тараптарга да жайылып кетүү коркунучу бар экенин, жергиликтүү элди өрттү өчүрүү иштерине тартуу өтө кыйын болуп жатканын, азырынча өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана ички аскерлердин күчү менен гана өрт чектелип тургандыгын билдирди.
К.Боронов министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө өрт өчүрүү иштерине тик учактарды тартууну да алдын ала уюштуруп туруусу зарыл экенин, эгер татаалдашып баратса, тик учактар да пайдаланыларын билдирди. Жогорудагы тапшырмаларды өз учурунда жана так аткара албаган жетекчилерге катуу чара колдонуларын эскертти.
Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында 13-августтан бери 50 гектарга жакын аянтта кургак чөп жана бадалдар өрттөнгөн. Ошондон бери өрттү өчүрүү иштери улантылууда.