Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгынан эки адам каза таап, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 18-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган райондогу Александровка айылында 17-августка караган түнү 29 жаштагы Д.И. БМВ-530 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып Тойота-РАФ-4 унаасын сүзүп алган. Экинчи унаанын айдоочусу, 19 жаштагы К.И. алган жаракатынан окуя болгон жерден жан берген. Ал эми БМВ-530 унаасынын айдоочусу аймактык ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган. Эки унаада тең экиден жүргүнчү болгон. Алар ооруканага жеткирилишти. Биринин абалы оор. Жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. |