16-август күнү Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон жергесинен чек арачылар кыргыз-казак чек арасын бузуп өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жаранын кармашты. Мекеменин маалымат кызматынын билдиришинче, ал кыргыз жеринен Казакстанды көздөй 5 жылкыны айдап өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Талас облустук УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.