Бүгүн, 28-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, кырсыктан 1941-жылы туулган үй ээси К.К. каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдирди. Маалым болгондой, өрт аталган айылдын Заводская көчөсүндө жайгашкан №5-үйдөгү электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан улам келип чаккан. Учурда кырсык боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.