Токмокто кызганычтан улам эркектердин ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында бирине 12 жолу бычак сайылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-августта саат 16:00 чамасында аймактык ооруканага 1978-жылы туулган А.А. аттуу жаран жеткирилди. Анын денесине 12 жолу бычак сайылганы аныкталды. Жабырлануучунун эс-учу жок болгондуктан, милиция кызматкерлери аны менен сүйлөшө алышкан жок. Кийин белгилүү болгондой, жабырлануучу А.А. жана 1979-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандын ортосунда аялга болгон кызганычтан улам мушташ чыккан. Жыйынтыгында жабырлануучуга 12 жолу бычак сайылган. Андан соң кылмышка шектүү жаран өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасады. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.