БШК: Мелис Мырзакматовду шайлоого катыштыруу же катыштырбоо добуш менен чечилет

Мелис Мырзакматовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо же баш тартуу чечими добуш менен чечилет. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канат Азиз билдирди. "Мырзакматовду талапкер катары каттоого таптакыр болбойт" дегенге негиз жок, чынында. Бирок БШКнын айрым мүчөлөрү мыйзамдуулук жактан айрым каршылыктар бар экенин, аны каттоого болбой турганын айтышууда. Азыркы учурда эки ача пикир жаралды, бул маселе БШКнын жыйынында добуш берүү менен чечилет",- деди Канат Азиз. 
Эскерте кетсек, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, 17-августта облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. М.Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынан талапкерлердин тизмесинде 3-катарда турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан