Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында 18-августта эртең менен Мерседес-Бенц Е230 үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 19-августта билдирди.
Окуя
болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамдарды чыгарышып, биринчи медициналык
жардам көрсөтүшкөн. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилишкен.