Бишкекте өткөн жумада 152 унаа айып жайга токтотулган

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматы тарабынан 10-августтан 16-августка чейин 4399 административдик протокол түзүлүп, мамлекетке 2,6 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаалардын терезелеринин караңгылатылганы боюнча 80, унаа токтотуу учурунда бузулган жол эрежелери боюнча 719 протокол түзүлүп, 45 айдоочу сынак тапшырууга жөнөтүлгөн. Ал эми 152 унаа айып жайга токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir-bek
2015-08-19 16:06:05
Мен ГАИшник болсом айып жайын бир кундо толтуруп коймокмун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан