Өзгөчө кырдаалдар министри Чычкан капчыгайындагы өрт болуп жаткан жерге жөнөп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Чычкан капчыгайындагы өрт болуп жаткан жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта аталган министрликтен билдиришти.

Учурда өрттү өчүрүү иштерине жергиликтүү тургундар жана өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жалпысынан 500гө жакын адам иштеп жатат.

Айта кетсек, 13-август күнү саат 16:17 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 251-253-чакырымдарында болжол менен 50 гектар куураган чөп жана бадалдар өрттөнгөн. 14-август күнү өрт чектелген, бирок дарактардын дүмүрлөрү чок болуп, шамал болгон сайын кайра тутанып кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MIRlan
2015-08-19 12:38:21
Эмиби? Ал жакта 5 күндөн бери өрттөнүп ататко. Ой жокта, просточу.
0
Yu-piter
2015-08-19 14:11:52
Барып эмне өрттү өзү өчүрмөк беле, жатат да ХХХ ХХХ ХХХ бир коттеджде, анан келип кыйналган адам болуп отчет берип коюп.
0
admin_superstan
2015-08-19 14:23:19
Yu-piter, мазактоодон алыс болуңуз!
0
Rifle
2015-08-19 15:43:09
Yu-piter, Жок, адаштыныз. Министр озу чыгып барып очурот, бирок ХХХ ХХХ кармайбы ?
0
admin_superstan
2015-08-19 17:13:26
Rifle, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол жок! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан