Коррупция боюнча айыпталган депутат Хажимурат Коркмазовдун соту 1-сентябрга жылдырылды

Бүгүн, 19-августта Жогорку Соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясында "коррупция" беренеси менен айыпталган депутат Хажимурат Коркмазовдун соту 1-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жактоочу К.Ж.Загибаев депутат ден соолугуна байланыштуу 13-августтан бери бейтапканада дарыланып жаткандыгын айткан. "Ошондой эле өзү Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына 10 күнгө жумуш боюнча кетип жатканын кошумчалаган. Кылмыш иши каралган соттук отурумга депутат да, жактоочу да катыша албай турганын билдирип, соттук процессти өткөрбөй турууну суранган. Прокурор жактоочунун суранычына макулдук берип, коллегия сот отурумун жылдырды",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген.
Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Кылмыштын башкы фигуранты катары шектелип Данияр Нарымбаев 2 айга камакка алынганы белгилүү.
Окуя тууралуу кененирээк бул жакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kubat_1973
2015-08-19 13:05:38
Буларга келгенде эле соттун баары гумандуу болуп чыга келишет ден соолугуна карап уй булолук абалына карап бечара адамды болсо сабап тепкилеп куноосун мойнуна алдырып башка иштерди да илип тамчы суу таблетка дары бербей эчак соттоп ийишмек сыздатып туруп.Оорумактан олуп баратса да соттош керек эле мындай шумшукторду.Эгер азыр жанылыш болуп калыптыр ак экенсин десинчи так секирип сопсоо болуп бир партияга жармашып шайлоого жономок ырдаган боюнча
+4
sarbo
2015-08-19 13:15:04
kubat_1973,эн эн эн туура,бийликке келгенде оорушпайт,пара алганда оорушпайт,качан кылмыш иши козголгондо оорулары козуйт
+1
Sake80
2015-08-19 13:52:30
Соодалашып бутпой атышат да
+1
Mars55
2015-08-19 14:39:58
соз жок эмне дештида билбей калдык
0
sagyn91
2015-08-19 15:01:55
Коробуз биринчи сентябрь да келет, ошондо сот эмне кылаарын, дагы канчага чеин жылдырылат болду экен кулкуну келтире ха ха ха ха , Же муну да эскиртип салгыла эмне убактынарды кетирип отурасынарбы, улуу урматтуу соттор хи хи хи
+1
bah_tee
2015-08-20 02:19:55
1 сентябрь да келет. Андан соң 2016 жылга жылдыргыла. Андан сон журогу ооруп калды жеп уй камагына бошоткула ошол менен иш бүтөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан