Бишкектеги айрым көчөлөрдө муздак суу берүү токтотулат

20-август күнү саат 09:00дөн 16:00гө чейин “Ош базарынын” тегерегинде муздак суу берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бейшеналиева, Рыскулов, Павлов жана Киев көчөлөрүндөгү айрым үйлөрдө муздак суу токтотулат. Буга Бейшеналиева көчөсүндөгү суу түтүгүн оңдоп-түзөө иштери себеп болууда. Мындан улам “Бишкек суу-канал” башкармалыгы шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралганы үчүн кечирим сурап, таза суу камдап алууну эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан