Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттен жардам берилет

Премьер-министр Темир Сариев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ысык-Көлдө 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик жардам көрсөтүү маселесин тапшырды. Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди. Бул тууралуу 19-августта өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кыз куткарылган соң ал өзү каза болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nelya88
2015-08-19 14:35:10
Окмот канчалык жардам корсоткон кундо да бул- орду толгус жоготуу..Жакындарына сабырдуу,кайраттуу болушун тилейбиз. Ал эми мумкунчулугу чектелген кызды жээк жакка эле тушуруп,жакшы карашса болмок,алыс кетирбей.
+8
ertur
2015-08-19 14:45:55
азамарт эрдик кылган жигит экен, жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым куноолорун кечирген болсун, оомийн,
+7
ertur
2015-08-19 14:47:23
Макала темасын окуп баштаганда 14 жашатагы кызды дагы зордуктаганбы деген ойго кетет экен, анткени ошондой маалыматтарды окуй берип ой кулук дейт го сразу ошол нерсе ге кетип калыптыр
-4
adi_ko.kg
2015-08-19 15:15:10
Jatkan jeri jailu bolsun.
kyzdyn orduna ozu ketiptir kutkaruchular jook beken ?
0
Rifle
2015-08-19 15:32:23
adi_ko.kg,
Колдун жээгинде куткаруучу эч коро элекмин. Же мен башка жакты карап журом.
+2
aku
2015-08-19 15:52:04
Жайы жаннатан болсун.кызды куткарып бирок озу кандайча чогуп кетти экен.кыз оондо аябай алыс кеткенби же куткарган бала озу да сузушту билбегенби?же кызды башкалар куткарып чыкканча тиги бала чогуп кеткенби такыр эле элестете албайтам (((
0
Janybek.
2015-08-19 16:28:43
Жаткан жери жайлуу болсун ал чөгүп жатканда башкалар карап турган бекен
0
aizada_jusupova
2015-08-19 21:43:25
Жаткан жери жайлуу болсун.Уй булоосуно оор жоготуу болуптур.Колго абайлап тушкуло.Быйыл озгочо коп болуп атат сууга чоккондор
0
Syiyy28
2015-08-20 01:57:49
Байкушум эми биз кантип жашайбыз ишенбей жатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан