Ак-Талаа районунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 13:40 чамасында катталган. Анын очогу Кош-Дөбө айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 75 чакырым түндүк-чыгышта, Казарман айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.