Ош шаарында 4 эс алуу багы пайдаланууга берилет

Бүгүн, 19-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көп убакыттан бери кароосуз калган эс алуу бактарынын оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө Токтогул атындагы эс алуу багынын айланасын көрктөндүрүү жана ландшафттык зона түзүү иштери менен таанышуу мезгилинде бактын ичиндеги жолдорго табигый таш тизип чыгуу сунушу айтылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Манас-Ата аймактык кеңешиндеги "Семетей" кинотеатрынын алдындагы эс алуу багы, Черёмушка кичи районундагы эс алуу бактарын бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Т.Сатылганов атындагы борбордук китепкананын алдындагы сейил багы Эл аралык толеранттуулук фонду менен биргеликте оңдолуп бүттү. Бул жерге жалпысынан 1 миллион 900 миң сом акча каражаты жумшалды”,- деди
А.Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
karona
2015-08-19 20:03:54
Кыргызстандын кооздугуна соз жок! Азаматтар, колунарга береке!
+1
kirgizstan
2015-08-19 20:09:51
Жакшы соонун
+1
kepka
2015-08-20 10:29:37
Жакшы бирок обл китеп кананын алдын дагы 2отургучту да алмаштырып койсо соопко калмак же ошону корбой калыштыбы деймда отурганга жараксыз болуп калган таптакырт
0
Sayragul
2015-08-20 11:49:54
Айгуль Жаныбаевна жакшы иштеп жатат. Шаар коркуно чыгып калды.
0
aiturgasha
2015-08-20 12:11:05
буйруса Ошубуз корктуу шаар болот гоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан