Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 19-августта Чычкан капчыгайындагы өрт болуп жаткан жерге барып, өрттү өчүрүүгө 2 тик учак колдонуларын билдирди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
“Азыркы учурда жалпысынан 766 адам өрт өчүрүү иштерине тартылган, алардын ичинен министрликтен 382 кызматкер, Токой чарба агенттигинен 129 адам, Улуттук гвардиядан 33 жана жергиликтүү тургундардан 229 адам өрттү өчүрүүдө. Жалпысынан 100-120 гектар жерде өрт болуп, анын ичинен 1-тилкеден 40 гектар жер өчүрүлдү. Ал эми 2-тилке тик жана бадалдуу болгондуктан, толук өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан казакстандык кесиптештер менен сүйлөшүп, эртең 2 тик учакты учурууну пландап жатабыз. Анын бири өрт өчүрсө, экинчиси өрт өчүрүп жаткандарга суу жеткирип берип турат. МИ-8 тик учактарын сүйлөштүк, анткени алар 2 тонна жүк көтөрө алышат. Эки мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда өзгөчө кырдаалдар учурунда биргелешип иштөө боюнча келишимдерибиз бар болгондуктан, биз аларга күйүүчү майын гана куюп беребиз жана алар акысыз жардам көрсөтүшөт”,- деди министр Кубатбек Боронов.