2015-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызынын өлчөмү 3 миллиард 597 миллион АКШ долларын (223 миллиард 283 миллион сом) түздү. Бул тууралуу 19-августта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, карыздардын 94 пайызы мамлекеттик тышкы карыз. Ал 3 миллиард 395 миллион доллар же 210 миллиард 743 миллион сом. Ал эми 6 пайызы мамлекеттик ички карыз 202 миллион доллар же 12 миллиард 540 миллион сом.