Узакка созулган кургак ысык аба ырайынан кийин 22-23-августта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Анда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.
24-августта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. 22-24-августта абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө +21°С болсо, тоо этектеринде +16°С, тоолуу райондордо +8°С`ге чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.