"Түндүк электр" ишканасынын абоненттери 2015-жылдын апрель-июль айларында 92,3 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү. Мекемеден 20-августта билдиришкендей, абоненттер 4 айда 1,2 миллиард киловатт-саат электр жарыгын колдонушту.
"Бул аралыкта Талас облусу 78,9 миллион киловатт-саат (план боюнча 88,9 миллион киловатт колдонмок), Чүй облусу 550,5 миллион киловатт-саат (план боюнча 583,2 миллион киловатт), Бишкек шаары 603,7 миллион киловатт-саат (план боюнча 653,2 миллион киловатт) электр энергиясын пайдаланды",- деп билдирет мекеме.
Талас облусу каралган электр жарыгын 11,3 пайызга, Чүй облусу 5,6 пайызга, Бишкек шаары 7,6 пайызга үнөмдөгөнү айтылды.