Бүгүн, 28-февралда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгында дааватчылардын билимин жогорулатуунун негизинде 30 күндүк курстун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу муфтияттын даават, үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев билдирди. Куран окууну, шарият мыйзамдарын, даават усулдарын окутуп, пайгамбардын хадистерин жаттоого көмөк көрсөткөн бул курсту өлкөнүн аймактарынан келген 24 адам бүтүрүп, сертификаттарга ээ болушту.