Орусияга иштөөгө барган кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын саны 2013-жылы эң жогорку чекке жеткен

Акыркы 4 жыл аралыгында Орусияга иштөө үчүн барып, каттоого турган кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын саны 2013-жылдын август айында эң жогорку чекке жеткен. Бул тууралуу Орусиянын Миграция кызматы орус басылмаларына берген маалыматта айтылды. 
Маалым болгондой, 2015-жылдын 11-августунда каттоого алынгандардын саны 517 623, 2014-жылдын август айында 555 028, 2013-жылдын ушул эле айында 581 786, ал эми 2012-жылдын августунда каттоого алынгандар 561 458 адамга жеткен. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда, Орусияда жүргөн кыргыз жарандарынын саны жалпысынан 1 миллиондун тегерегинде экени айтылып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jetinur90
2015-08-20 17:57:26
чындыка тике карап 2,5 млн дагы дей бергиле
-1
aash
2015-08-20 22:27:21
jetinur90,Калпка тике карадын го. Кыргызстандыктардын жарымы ошол жактабы? Ойлонуп жазсак.
0
nurik2103
2015-08-20 18:02:43
Менда 2013 августта келгем, менин аркаман еле баары келе берген екенда көрсө
-1
Millioner.
2015-08-20 19:36:53
nurik2103, жөнчү эй
+2
iliaz-91-91
2015-08-20 19:15:24
Чоогу эле келген экенбизда эми чыкпай калдыко
0
EdikoKG
2015-08-20 20:00:24
Бул официально катталгандардын саны. А жалган праписка жасап,праписка жасабай кенири жургондор ого эле коп. Мен мисалы 2007- жылы. Праписка эч жерде каттоодо жокмун. (Биздин шаар тынч,текшеруу деле жок болгондуктан).
+2
Medina87
2015-08-20 22:33:46
EdikoKG,
Ой,кандай жакшы тап-такыр текшеруу журбогон кайсы шаары Россиянын,билсек болобу?
0
EdikoKG
2015-08-20 23:11:34
Medina87, Иркутс. Себеп,бизге кыргыздарга окшош улуттар коп. Бурят,тувин,алтайлыктар окшош. Эре-торо ала беришпейт))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан