Эльвира Сариева: "Мектеп ата-энелер менен активдүү кызматташуусу керек"

Билим берүү системинин буюртмачысы мамлекет гана эмес, окуучулардын ата-энелери дагы. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Бишкекте мектеп мугалимдери менен жолугушууда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. 
"Бизде активдүү ата-энелер көп, мектеп алар менен эффективдүү мамиле түзүшү керек. Билим берүү системинде ата-энелер дайыма айтып нааразы болгон негативдүү нерселер: коррупция, акча талап кылуу, белек алуу дегендер толук жоюлушу зарыл. Каржылык мамилелерде ачыктык, ишеним жана уюштуруу иштерине ата-энелерди аралаштыруу мектепте ата-энелердин толук кандуу өнөктөштүгүнө негизделген ачык коомду түзүүгө мүмкүндүк берет",- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан