Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 3 бала чөгүп кетти

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналына 19-августта 3 өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалым болгондой, сууга чөгүп кеткендер: Новопокровка айылынын 2004-жылы туулган тургуну Данияр Абдуллаев, 2006-жылы туулган Бахром Каримов жана 1999-жылы туулган Азим Жаныбек уулу

"Алгач Азим Жаныбек уулу чөгүп кеткени туугандары тарабынан кабарланган. Аны издөө иштери жүрүп жатканда ага жакын жерде дагы эки бала чөгүп кетиптир. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
№21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн жана ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок азырынча табыла элек"
,- деди маалымат кызматынын өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akkaynt
2015-08-20 12:49:52
Ушул чон чуй каналында коп жолу окудум балдар чогуп кетти дегенди эмнеге балдарды ошол каналга сууга тушурушот ал жерге тушконго болбойт деп тушурбосо болбойбу мен тушунбодум канчалаган жаш балдар чогуп кетти
0
Bekchoro
2015-08-20 13:15:28
Озгочо быйыл коп адам чокту сууга.
+1
sabyr86
2015-08-20 16:22:56
Кайсыл эле Эне бар ошого сууга жуунуп чөк демек эле,жолобо барба деп какшаган м,н бала да ойногусу келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан