Бишкекте бүгүн, 20-августта мектеп мугалимдери менен жолугушууда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева тармактагы көйгөйлөрдү атады. "Аймактардагы авариялык абалдагы мектептердин көйгөйүн чечип жатабыз. Быйыл оор абалдагы 66 мектептин ордуна жаңысы курулат. Борбор шаарда мектептер жана бала бакчалар жетишсиз, бул жааттагы көйгөйдү чечүү үчүн шаар жетекчилигинин чечимин колдоого алыш керек. Балдар бакчасы ашыгы менен толду, бизге минимум 300 имарат керек. Мектептерде да орун жетишсиз. Начар инфраструктура билим берүүнүн сапатына тикелей таасирин тийгизүүдө",- дейт Сариева.
Министр мектептерди куруу иштери токтобой, саны улам көбөйөрүн кошумчалады.