Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташууну токтотуу боюнча токтому күчүнө кирди

Бүгүн, 20-августта кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтом күчүнө кирди. Аталган токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койгон. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болгон эле.  
Өкмөттүн 20-июлдагы №501-токтому: 

1. 1993-жылдын 19-майында Вашингтон шаарында кол коюлган көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу 2015-жылдын 20-августунан баштап денонсациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган макулдашууну денонсациялоо жөнүндө Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан